Роберт Просинечки Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

  • 1 месяц мурун

Европалык адис Роберт Просинечки футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды.

Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) билдирди.

Аталган келишимди бекитүү бүгүн, 10-декабрда КФБнын Президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өттү.

Келишимдин шарттарына ылайык ал 1 жыл 1 айга ырасталды. Эгерде анын жетекчилиги алдындагы курама команда 2027-жылкы Азия Кубогунда ийгиликтүү оюн көрсөтсө, анда макулдашуу үч жылга узартылат.

Роберт Просинечки — футбол дүйнөсүндө кеңири таанымал адис. Ал Хорватия, Азербайжан, Босния жана Герцеговинанын, Түркиянын жана Черногориянын улуттук командаларын, ошондой эле бир катар европалык клубдарды жетектеген.

Футболчу катары кезинде «Реал Мадрид», «Барселона», «Црвена Звезда» сыяктуу атактуу клубдардын негизги оюнчусу болгон жана 1998-жылы Хорватия менен дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгон.

Сүрөт: КФБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты