Куралдуу Күчтөрдүн катарынан запаска бошотуу жана кезектеги чакыруу жөнүндө жарлыкка кол коюлду

  • 2 года мурун

«Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүм жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2022-жылдын сентябрь-ноябрында кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» жарлык чыкты.

Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.  

— мөөнөттүү аскердик мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулат;


— чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон жарандар 2022-жылдын сентябрь-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чыкырылат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты