Курал сактоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн жети жаранга айып салынды

  • 1 год мурун

Бишкекте курал сактоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн жети жарандын ар бирине 3000 сомдон айып салынды.

Бул тууралуу борбор шаардын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди  

1-июндан 30-июнга чейин райондун аймагында «Арсенал» аттуу алдын алуу иш-чарасы өтүп жатат.Иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери ок атуучу курал ээлерин, курал сатуучу дүкөндөрдү жана күзөт агенттиктерин куралды сактоо эрежелеринин жана каттоо мөөнөттөрүнүн сакталышын текшерүүдө.

Текшерүүнүн натыйжасында, 7 жаранга куралды сактоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн ар бирине 3000 сомдон айып салынды.

ИИБ мыйзамсыз курал сактоо фактылары аныкталган учурда, күнөөлүү адамдар кылмыш-жаза кодексинин 268- (куралды мыйзамсыз даярдоо) беренесине ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Сүрөт: Рейд учуру. Биринчи май РИИБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты