«Кумтөр» тогуз айдагы ишинин жыйынтыгын жарыялады

  • 1 год мурун

Кумтөр Голд Компани» ишканасы быйылкы тогуз айда жасаган иштеринин жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, Кумтөр алтын кенинде жыл башынан 30-сентябрга чейин 389 357 унций же 12 110,3 килограмм алтын өндүрүлгөн.

Маалыматка караганда, 2022-жылы алтын өндүрүү былтыркы жылга салыштырмалуу көбөйгөн. 2021-жылы тогуз айда 292 970 унций же 8,5 тонна алтын өндүрүлгөн.

«Көлөмдүн көбөйүшү фабрикага жеткирилген кендин курамында алтындын көп өлчөмдө болушу жана металлды кенден бөлүп алуу коэффициентинин арбышына байланыштуу»,деп жазылган маалыматта.

2022-жылдын тогуз айында ишкана 379 551 унций же 11 805,37 кг алтынды сатып, мындан жалпы 679,8 млн. доллар киреше алган.

Жыл башынан бери 26,78 млрд. сом салык, социалдык фондго жана башка милдеттүү төлөмдөргө төлөнгөн.

Кыргызстандагы Кумтөр кени — Борбор Азиядагы эң ири алтын кендеринин бири. Кендеги өндүрүш башталган 1997-жылдан бери 14,1 млн. унций же 399,729 тонна алтын өндүрүлгөн.

Канадалык «Центерра Голд» компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган.

Сүрөттө: «Кумтөр» алтын кени. RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты