«Куланак ГЭСи Нарын облусунун гидроэнергетикасынын локомотиви болот». Курулушка старт берилди

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Нарын облусунун Куланак айылында Куланак ГЭСинин курулушунун башталышына “Мезгил кутусун” салып, курулушка старт берди.  

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.  

Мамлекет башчы бүгүнкү окуя —  Куланак гидроэлектр станциясынын пайдубалын түптөп, курулушун баштоо Нарын облусунун гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын экономикасына, энергетика тармагына пайда алып келе турганын белгиледи. 

“Бул — Кыргызстандын энергетикасынын тарыхындагы келечекке жол ачкан маанилүү кадамдардын бири. Мына ошондуктан, баарыңыздарды бүгүнкү жакшы саамалык менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!” деп белгиледи Президент. 

Мамлекет башчы пландалып жаткан Куланак ГЭСи тууралуу кыскача айтып берди. 

“ГЭСтин кубаттуулугу  100 МВт болот деген мерчемибиз бар. Курулуш бүтүп, ГЭС ишке киргенде жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө. Демек, бул бүтүндөй Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыздалат деген сөз. 

Адистердин айтымында, ГЭСтин курулуш жүрүп жаткан маалда жалпысы 800дөн 1000 адамга чейин жумуш орду түзүлөт. Ал эми Куланак ГЭСинин курулушу бүткөрүлүп, толук ишке берилгенден кийин 100гө жакын жумушчу туруктуу иш менен камсыз болот. 

Нарын дарыясынын боюна, Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Миң-Булак, Жерге-Тал айыл аймактарынын аймагына курулушу башталган бул долбоордун алкаганда 27 метр бийиктиктеги плотина, дарыянын  нугун буруу жана сууну агызуу үчүн гидротехникалык шлюздар, 6,5 километр узундуктагы деривациялык канал, электростанциянын имараты агрегаттары менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу алуучу түйүн курулат”, — деди ал. 

Президент жергиликтүү туругнадрдын көңүлүн ГЭСтин курулушу энергетика, экономика тармагына эбегейсиз пайда алып келүү менен катар айыл чарба жерлерин сугат суусу менен камсыздоого да жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө бурду. 

“Куланак ГЭСинин курулушу менен райондогу Учкун, Сары-Ой айыл аймактарынын 5081 гектар айдоо аянтын сугат суусу менен камсыздоо жакшырат. Мындан сырткары, 2100 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.

Кудай буюрса, Куланак ГЭСи Нарын облусунун гидроэнергетикасынын локомотиви болот.

Энергетика министрлигине долбоорду толугу менен кынтыксыз, сапаттуу ишке ашыруу жоопкерчилигин жүктөдү. 

“Нарын дарыясына дагы 2,5 миң мегаВаттык гидроэлектр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгү бар.

Буюрса, жакынкы келечекте дагы көптөгөн орто жана чакан ГЭСтерди курабыз.

Жазында Камбар-Ата ГЭСине да капсула салганбыз. Аны буюрса сегиз жылда бүтөбүз деп турабыз. Сегиз эмес он жылда бүтсөк да чоң иш болот”, — деп билдирди Президент. 

Садыр Жапаров Камбар-Ата ГЭСинин курулушунун аякташы менен Кыргызстан көз карандысыз, өзүн өзү камсыздаган, электроэнергияны импорттобой тескерисинче, экспорттогон өлкөгө айланарын белгиледи. 

“Азыр бизде жылына 3 млрд кв саат электр энергиясынын таңкыстыгы бар. Суунун башында турабыз, бирок ошону колдонуп, отуз жылдан бери бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Эми сала баштадык.  Бардык потенциалдын он эле пайызын колдонот экенбиз. Эгерде дагы 90 пайызын кошуп колдонсок биз Орто Азия эмес, Европа, Кытайга электр энергиясын сатсак болчудай. Кудай бурса ага да жетебиз”, — деди ал. 

Долбоордун жалпы баасы 124 млн АКШ долларын түзүп, анын  88 млн АКШ доллары Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы сыяктуу каржы институттар тобу тарабынан насыя катары берилери белгиленет.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты