Кудрет Тайчабаров кызматтан кеткенин билдирди

  • 1 год мурун

Бишкек эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) директору Кудрет Тайчабаров кызматтан кеткенин жарыя кылды. Бул тууралуу ал 24 kg басылмасына билдирди.

Ал аталган кызматта эки жыл иштеп чарчаганын айтты.   

Журналист Кудрет Тайчабаров эки жыл Бишкек ЭЭК директору болуп дайындалган. Негизги кесиби боюнча экономист экенин, ЖОЖдун экономика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаганын маалымдаган.

«Экономика факультетин артыкчылык менен бүтүргөнүмдү билбесеңер, сындабай эле отурбайсыңарбы? Билимим туура келбесе бул тармакка дайындамак эмес. Көбүнүн ою жаман экенин атайын кызматтардын маалыматы аркылуу билген Садыр Жапаровдун мени дайындоосу жеке чечими болду. Эртең мамлекет инвесторлорду алып келип жатса, биздеги коррупционерлер мурдагыдай»шапкасын» сурап качырып турса, кайдагы экономикалык өсүү, кайдагы инвестиция? Ошол себептен, өзү ишенген адамды коюп жатканы — бул өлкөнүн келечегин ойлогон патриоттук кадам» деп жазган ал эки жыл мурда.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты