Журналист Кудрет Тайчабаров СЭЗге кантип директор болду?

  • 3 года мурун

Журналист Кудрет Тайчабаров Бишкек эркин экономикалык аймагына (ЭЭА) директор болуп дайындалды.

Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасында жазды.

Кудрет Тайчабаров кесиби боюнча экономист экенин, ЖОЖдун экономика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаганын айтты.

«Экономика факультетин артыкчылык менен бүтүргөнүмдү билбесеңер, сындабай эле отурбайсыңарбы? Билимим туура келбесе бул тармакка дайындамак эмес. Көбүнүн ою жаман экенин атайын кызматтардын маалыматы аркылуу билген Садыр Жапаровдун мени дайындоосу жеке чечими болду. Эртең мамлекет инвесторлорду алып келип жатса, биздеги коррупционерлер мурдагыдай»шапкасын» сурап качырып турса, кайдагы экономикалык өсүү, кайдагы инвестиция? Ошол себептен, өзү ишенген адамды коюп жатканы — бул өлкөнүн келечегин ойлогон патриоттук кадам» деп жазды ал.

Тайчабаров Бишкек эркин экономикалык аймагындагы максаты тууралуу ой бөлүштү.

«Биз дагы СЭЗдин алкагында бир гана көз көнүп калган транспортторду эмес, заманбап электрокар, гибрид машиналарды чыгарып, банктар менен келишим түзүп, карапайым калкка узак мөөнөттө төлөө шарттары менен жалпы элди жаңы унаалуу болуу мүмкүнчүлүгүнө жеткирсек болот. Бул бир багыттагы өндүрүштөн мисал » деди жана жарандарды инвестиция тартууга чакырды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты