Кудайберген базарында ондон ашуун контейнер өрттөндү
- 6 ай мурун
- Видео
Бишкектеги Кудайберген базарында чыккан өрттө унаа тетиктерин саткан 10дон ашуун контейнер күйдү. Өрт саат 17:45те чектөөгө алынды.
Өрттү өчүрүүгө саат 16:03төн тартып өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 5 бөлүм, штаб жана кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ тартылды. Мындан сырткары мэриядан 2 суу ташуучу унаа, ИИМ жана тез жардам кызматы тартылды. Учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркаган кишилер жок.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!