Кубанычбек Ысабеков салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

  • 2 месяца мурун

Кубанычбек Ысабеков мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын төрагасынын орун басары дайындалды. Бул туралуу буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Салык кызматынын маалыматына караганда, 23-декабрда жаңы жетекчини Салык кызматынын жамаатына төрага Алмамбет Шыкмаматов тааныштырды.

Шыкмаматов жаңы орун басардын салык системасы жана кызматтын негизги иш багыттары боюнча терең билими жана тажрыйбасы бар экенин белгилеп, анын кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткарарына ишеним артты.

Ысабеков буга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Сүрөт: Салык кызматы тарабынан берилди

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты