Кремлде Украинанын төрт облусун аннексиялоо тууралуу документтерге кол коюлат

  • 2 года мурун

30-сентябрда Кремлде «Жаңы аймактарды Орусиянын курамына кошуу» тууралуу келишимдерге кол коюлат. Бул тууралуу Орусия Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Кеп Украинанын оккупацияланган аймактарындагы референдумдардын жыйынтыгы менен Орусия аннексиялоону көздөп жаткан Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустары жөнүндө болуп жатат. Жума күнү «Жаңы аймактарды Орусиянын курамына кошуу» тууралуу келишимдерге аталган аймактардын Москва дайындаган жетекчилери менен Орусиянын президенти Владимир Путин кол коёт деп кътүлүүдө.

Украинанын орус күчтөрү басып алган Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарында 23-27-сентябрда мажбурланган референдумдар өтүп, анын жыйынтыктары 28-сентябрда жарыяланган. Москва дайындаган жетекчилер жана жикчилдер добуш берүүгө катышкандардын 90-99% Орусияга кошулууга «макул» болгонун билдиришкен.

Украин бийлиги болсо бул Кремль алдын ала бекитип берген сан экенин билдирип, анын жыйынтыгын тааныбай турганын кайталады. Киев референдумдарды Орусия аталган облустарды аннексиялоо үчүн атайын уюштурганын билдирүүдө. Батыш өлкөлөрү да бул референдумдарды жана аннексияны тааныбай турганын маалымдап жатышат.

Мамлекеттик думанын депуттаттары 30-сентябрь, саат 15:00гө Кремлге Путиндин катышуусундагы иш-чарага чакырылганын “РИА-Новости” басылмасы жазды. Ал күнү кол коюлган документти андан ары Конституциялык сот, Мамдума жана Федерациялык кеңеш жактырышы керек. Процедуралык отурумдар 4-октябрда аякташы мүмкүн.

Орусия 2014-жылы да ушундай эле ыкма менен Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Анда да аралда жасалма референдумдар өткөрүлүп, Путин аннексиялоо тууралуу документке койгон.

Луганск менен Донецкиде жикчилдер сегиз жыл мурда эле “Луганск Элдик Республикасы” жана “Донецк Элдик Республикасы” деп аталган түзүмдөрдү уюштуруп алышкан, Херсон жана Запорожье аймактарын Москва февралда басып киргенден кийин ээлеген.

Орусиялык аскерлер жана жикчил күчтөр жасалма референдум өткөн төрт облустун бардык аймагын эмес, кайсы бир бөлүгүн гана ээлеп турат. Калган бөлүктөрү Украинанын көзөмөлүндө жана кармаш дале уланууда.

Сүрөт: EPA

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты