КР ТИМи: Казакстан кырдаалды сырттан кийлигишүүсүз жөнгө салууга кудуреттүү

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты.

Билдирүүдө Кыргызстандын Казакстандагы акыркы окуяларга тынчсыздануу менен көз салып жаткандыгы, өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө чын дилинен кызыкдар экендиги айтылат. Биздин элдерибиздин өз ара мамилелеринин тарыхында дайыма орун алган ар кандай колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр экени да билдирилди.

“Зордук-зомбулук, мыйзамсыздык жана провокация, ошондой эле мыйзам бузууларга жоопкерчиликсиз чакырыктар курч проблемаларды жеңүүгө алып келбейт, тескерисинче, карапайым калктын абалын начарлатат. Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана Казакстандын ар бир жаранынын бакубаттуулугу үчүн бир тууган Казакстан элине чын жүрөктөн тынчтык, туруктуулук жана биримдик каалайбыз.

Коңшу республика түзүлгөн кырдаалды өз алдынча жана сырттан кийлигишүүсүз жөнгө салууга кудуреттүү экендигине ишеним билдирип, Кыргыз Республикасы союздаш жана стратегиялык өнөктөш катары бир тууган Казакстанга зарыл болгон учурда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин дагы бир жолу ырастайт” деп айтылат билдирүүдө.  

Казакстанда  массалык толкундоолор болуп, өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө абал жарыяланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты