Коррупция фактысына шектелип, Ош шаарынын экс-мэри кармалды
- 1 месяц мурун
27-майда ИИМдин тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын мурдагы мэри, Баткен облусунун тургуну 1960-жылы туулган И.Ж. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана коррупциялык аракеттерди жасоого шектелип кармалды.
Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, иликтөөнүн жүрүшүндө Өкмөттүн токтому менен Ош шаарынын Масалиев проспектиси (мурда Кыргызстан көчөсү) дареги боюнча жайгашкан бала бакчанын имараты атайын багыттагы объект катары ИИМдин ички аскерлеринин балансына өткөрүлүп берилгени аныкталган.
Чечимге ылайык, мүлк мамлекеттик кызыкчылыкта гана колдонулмок — үчүнчү жактарга сатуу же өткөрүп берүү укугу жок. Бирок, буга карабастан мыйзамды бузуу менен Ош шаарынын мэри И.Ж. тарабынан мыйзамсыз токтом чыгарылып, жер тилкеси мамлекеттин менчигинен чыгарылып, коммерциялык объект куруу үчүн жеке колго өткөрүлүп берилген. Бул аймакта кийин мейманкана курулган.
Тергөө иштеринин натыйжасында мамлекетке 72 009 000 сом зыян келтирилгени аныкталып, ал толугу менен кайтарылган.
“Мейманкана жер тилкеси менен бирге мамлекеттин менчигине кайтарылды. Учурда шектүү кармалып, процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен башка тиешеси бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилет” деп айтылат маалыматта.

Сүрөттөр: ИИМ басма сөз кызматы