COVID-19: эки бейтап каза тапты, 54 жаңы учур катталды
- 3 года мурун
9-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19дун 54 жаңы учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 25;
Ош шаары – 0;
Чүй облусу – 1;
Ош облусу – 1;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 13;
Жалал-Абад облусу – 7;
Баткен облусу – 2.
Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 181 936га жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 77. Жалпы — 176 323.
Каза болгондор — 2, алар эмдөө албагандар арасынан чыкты. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2691.
Стационарда 576 жана амбулатордук түрдө 815 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү