Коронавирустан бир адам каза тапты, 11 учур жаңы катталды
- 3 года мурун
18-мартка карата Кыргызстанда COVID-19дун 11 учуру катталды.
Анын ичинен Бишкек шаарынан — 6, Чүй облусунан — 4, Ош облусунан — 1 учур катталды.
Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 200 787ге жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 31. Жалпы — 196 017.
Каза болгондор — 1. Жалпы — 2977.
Стационарда 112 жана амбулатордук түрдө 97 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү