Коронавирус эки адамдын өмүрүн алды, 81 жаңы учур катталды
- 3 года мурун
30-октябрга карата Кыргызстанда COVID-19дун 81 жаңы учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 27;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 29;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 0;
Ысык-Көл облусу – 13;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 2.
Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 181 186га жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 75. Жалпы — 175 568.
Каза болгондор — 2, алар эмдөө албагандар арасынан чыкты. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2668.
Стационарда 719 жана амбулатордук түрдө 711 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү