Коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алды. 243 жаңы учур катталды
- 2 года мурун
3-февралга карата Кыргызстанда COVID-19дун 243 жаңы учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 124;
Ош шаары – 5;
Чүй облусу – 56;
Ош облусу – 5;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 8;
Ысык-Көл облусу – 27;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу – 10.
Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 198 962ге жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 617. Жалпы — 189 392.
Бир сутка ичинде каза болгондордун саны — 4. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2 893.
Стационарда 961 жана амбулатордук түрдө 4 181 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү