Коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алды. 202 жаңы учур катталды
- 2 года мурун
1-февралга карата Кыргызстанда COVID-19дун 202 жаңы учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 69;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 69;
Ош облусу – 7;
Талас облусу – 5;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 22;
Жалал-Абад облусу – 9;
Баткен облусу – 14.
Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 198 518ге жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 547. Жалпы — 188 143.
Бир сутка ичинде каза болгондордун саны — 4. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2 884.
Стационарда 1 063 жана амбулатордук түрдө 4 903 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү