Коронавирус дагы эки кишинин өмүрүн алды. 39 жаңы учур катталды

  • 3 года мурун

24-декабрга карата Кыргызстанда COVID-19дун 39 жаңы учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаары – 23;

Ош шаары – 1;

Чүй облусу – 3;

Ош облусу – 4;

Талас облусу – 0;

Нарын облусу – 0;

Ысык-Көл облусу – 5;

Жалал-Абад облусу – 3;

Баткен облусу – 0.

Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 184 395ке жетти.

Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 55. Жалпы — 179 497.

Каза болгондордун саны — 2. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2 790.

Стационарда 287 жана амбулатордук түрдө 337 киши дарыланып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты