Коргоо министрлигинин базасында 26 миллион сомдук мүлк мыйзамсыз сатылган

  • 2 недели мурун

Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигинин Бишкек турак-жай пайдаланууну камсыздоо базасында текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында аталган базада 26 миллион сомдон ашык бааланган МАМ-19 спорт комплексин мыйзамсыз сатып жок кылуу фактысы аныкталган.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголуп, аталган базанын командири Ж.Э.Ш. кармалган. Ал учурда Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына камакка алынганы айтылды.

«Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери жүрүп, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери уланууда»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты