Кооптонууга канчалык негиз бар? Метапневмовирус тууралуу 7 факты
- 4 недели мурун
- Баяндар
Декабрь айынын аягы жана январь айынын башында Кытайда жаңы вирус пайда болгондугу тууралуу маалыматтар бир топ чуу жаратты. Ага интернетте тараган Кытайдагы толуп калган ооруканалар жөнүндөгү видеотасмалар жана сүрөттөр себеп болду. Соцтармактарда айрымдар Кытайда жаңы вирус пайда болгонун жазышса, кээ бирлер бул вирус коронавирустан да коркунучтуу экендигин жазышты.
Кытайда тарап жатат деп айтылган вирус адамдын метапневмовирусу же кыскача hMPV (Human Metapneumovirus) деп аталат. Төмөндө бул вирус тууралуу бир нече факты сунуштайбыз.
Метапневмовирус тууралуу фактылар:
- Адамдын метапневмовирусу (hMPV) — грипп, аденовирус жана коронавирус сыяктуу респиратордук вирус болуп саналат. Бул вирустар адамдын дем алуу системаларынын жана тамак органдарынын инфекциясына алып келет. Симптомдору: дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл, мурундун бүтүшү. Ал башка респиратордук вирустардай эле күз, кыш айларында күчөйт.
- Метапневмовирус (hMPV) жаңы чыккан вирус эмес. Бул вирус 2001-жылы Нидерландда аныкталган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул вирус дүйнө жүзүндө таралган вирус экендигин билдирди: “Вирус респиратордук синцитиалдык вирус (RSV) менен бирге Pneumoviridae вирустарынын тобуна кирет. Ал биринчи жолу 2001-жылы аныкталган жана ондогон жылдар бою адамдар арасында жайылып келет. Бул вирус дүйнө жүзүндө табылган”.
- Метапневмовирус мындан дээрлик чейрек кылым мурун табылганына карабастан, анын вакцинасы табыла элек. “Учурда hMPVга каршы колдонууга лицензияланган вакцина жок, бирок изилдөөлөр уланууда”,- деп билдирди Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму.
- Метапневмовиристун вакцинасы ойлоп табыла элек болсо да, аны дарылоого болот. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аталган вируска каршы бекитилген дары жок экендигин, бирок бул вирус сасык тумоо сыяктуу белгилерге ээ болгондуктан, аны ошого жараша дарылоого болорун билдирди.
“hMPV суук тийүүнүн вирусу болгондуктан, адамдар анын симптомдорун: ооруну, ысытманы, мурундун бүтүшүн жана жөтөлдү рецеби жок дарылар менен дарылай алышат. Мындан тышкары, жетиштүү эс алуу жана сууну көп ичүү да жардам берет”,- деп айтылат маалыматта.
- Метапневмовирус 5 жашка чейинки наристелер, кары адамдар үчүн жана иммунитети алсыз адамдар үчүн айрыкча кооптуу болуп эсептелинет.
“Адамдын метапневмовирусу ымыркайлардын жана 5 жашка чейинки балдардын жогорку дем алуу жолдорунун инфекцияларынын кеңири таралган себеби болуп саналат. Бардык адамдар hMPV вирусун жуктуруп алуусу мүмкүн болгонуна карабастан, ымыркайлардын, улгайган адамдардын, ошондой иммуносупрессия, өпкөнүн өнөкөт оорусу жана астма сыяктуу оорулары бар адамдардын катуу ооруга чалдыгуу коркунучу жогору”,- деп билдирди Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму.
- Адамдын метапневмовирусу бардык эле вирустук инфекциялар сыяктуу ооруган адамдан аба аркылуу жана физикалык контакт аркылуу жугат.
- Метапневмовирусту грипп, коронавирус сыяктуу башка респиратордук вирустардан айырмалоо кыйын. Себеби алардын симптомдору окшош: дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл, мурундун агышы жана бүтүшү. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, респиратордук вирустардын симптомдору окшош болсо да, аларды дарылоо айырмаланышы мүмкүн. Мындан улам дарыгерлер оорулууну диагностикалык тесттен өткөрүп, андан кийин гана кантип дарылоо керектиги боюнча чечим чыгарышы зарыл экендигин билдирди аталган уюм.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түндүк жарым шарда жайгашкан көптөгөн өлкөлөрдө жылдын ушул мезгилинде курч респиратордук инфекциялардын (грипп, метапневмовирус ж.б.) санынын өсүүсү байкалып жаткандыгын жана бул кадимки сезондук тенденция экендигин билдирди. Ошондой эле, уюм Кытайдын саламаттык сактоо кызматкерлери менен байланышта экендигин жана өзгөчө күчөгөн абал тууралуу эч кандай билдирүү ала электигин маалымдады: “Кытай бийлиги саламаттык сактоо системасы чыңалган абалда эмес экендигин жана эч кандай өзгөчө кырдаал жарыяланбаганын же жооп кайтаруу чаралары көрүлбөгөнүн билдирди”.
12-январда Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын маалымат жыйынында Кытайдын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун изилдөөчүсү Ван Липин өлкөнүн түндүгүндө адамдын метапневмовирусу азая баштагандыгын билдирди. Бул тууралуу Associated Press (AP) басылмасы жазып чыкты. Ван Липиндин айтымында, вирустун акыркы жылдары көбөйүшү диагностикалык ыкмалардын жакшырышына байланыштуу. “Адамдын метапневмовирусу жаңы вирус эмес, ал адамдар арасында бери дегенде ондогон жылдардан бери бар”,- деген ал.
Кыргызстанда абал кандай?
8-январда Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү курч респиратордук вирустук инфекциялар тууралуу маалымат берип, 2024-жылдын октябрь айынан баштап, 2025-жылдын биринчи жумасына чейин изилдөө үчүн алынган 1207 анализден 2сүнөн метапневмовирусу табылганын билдирген. Ошондой эле бул анализдерден респиратордук сентисиалдык вирусу – 269 учур, риновирус – 221 учур, аденовирус – 110 учур, I-IV парагрипп – 98 учур, бокавирус – 84 учур, сезондук коронавирус — 80 учур катталганын маалымдаган.
Ошондой эле 8-январда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева “Биринчи радиого” маек берип, адамдын метапневмовирусу жаңы вирус эмес экендигин жана өлкөдө бул вирус буга чейин эле катталганын билдирген. Оторбаева бул вирустун башка респиратордук вирустардан айырмасы анчалык айырмаланбай тургандыгын. “Изилдөө иштери мындан ары да улантылат. Кооптонууга жана коркууга эч кандай негиз жок”,- деген ал.
13-январда Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берип, курч респиратордук вирустук инфекциялардын 7415 учуру жана сасык тумоонун 38 учуру катталганын билдирди. Министрлик январь айынын экинчи аптасында метапневмовирустун канча учуру катталганы боюнча маалымат берген эмес.
Сүрөт: интернет булактары