Коопсуз аймакка көчүрүлгөндөр чатырларда жашап жатышат  

  • 1 год мурун

Өзгөндүн Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде коопсуз аймакка көчүрүлгөн 18 үй-бүлө үчүн 18 чатыр ошол эле аймактын коопсуз тилкесине орнотулган. Аларга толук шарт түзүү максатында электр жабдууларын орнотуу иши аяктап, таза суу менен камсыздалды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.   

Ага катар эле “Улуттук Кызыл-Ай ” коому тарабынан 2 даана чатыр орнотулуп, анда штаб жана медпункт жайгашкан. Азыркы учурда убактылуу жашап жаткан 81 жаранга төшөнчү, гигиеналык каражаттар жана тиричилик буюмдары берилди.

26-март саат 07:00гө карата жер көчкү акырындык менен жылып, айылдын четиндеги турак үйдү басып, мал сарайга 10 метр аралык калган.

22-март күнү, саат 05:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл аймагынын Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн.

Буга чейин аймактыктын кооптуулугу тууралуу ӨКМге караштуу өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти 2022-жылдын сентябрь айында корутунду чыгарып, тилкеде жашаган 18 үй-бүлөнү көчүрүү сунушталган.

22-мартта саат 05:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты