Консул: Алматыда кармалган кыргызстандык жарандар бошотулат

  • 2 года мурун

Алматы шаарында кармалган кыргызстандык төрт жаран бүгүн, 11-январда бошотулат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Ариповко шилтеме берип жазды.

Ариповдун айтымында, кармалгандардын саламаттыгы жайында, тек-жайы такталды. Ага ылайык, казак бийлиги тополоңдорго шек санап 1990-жылкы Закир Юбуров, 1991-жылкы А.Хуров, 1987-жылкы И.Мачо жана 2001-жылкы А.Джиншанлону камаганы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, ошол эле күнү Бишкекке кайтып келген.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганын билдирген жана расмий Бишкек казак тарапка нота жөнөткөн.

Буга чейин казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты