Колумбияда катуу жер титирөөдөн 100дөн ашык киши каза тапты

10-августта Колумбияда жер катуу титиреди. Маалыматтарга караганда, кеминде 130 киши каза тапты, 87 киши жабырады.

Колумбиянын Геология кызматы кабарлагандай, жер титирөөнүн күчү 6, 7 магнитудасына жеткен. Ал эми АКШнын Геология кызматы Колумбиядагы жер титирөөнүн күчү 7,4 магнитудасына жеткендигин белгиледи.   

Жер титирөөнүн очогу Сан-Хосе-дель Пальмар жергесине жакын жерде болгон. Ошондой эле Чоко, Калдас департаменттеринде, өлкөнүн борбору Богота шаарында да сезилген.   

Жер титирөөдөн улам Колумбияда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Сүрөт: GETTY IMAGES

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты