Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму 10-августта болот

  • 2 года мурун

Бүгүн, 8-августта, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отуруму улантылды.

Отурумда прокуратуранын өкүлү ишти жабык эшик артында кароону өтүнүп, анда УКМКнын кызматкерлери (анын ичинде жабырлануучу катары) бар экенине токтолду.

Судья Азирет Медеров отурумду ачык өткөрүү чечимин кабыл алды.

Мамлекеттик айыптоо  биринчи  Кой-Таш жана  ЖЭБди модернизациялоо боюнча ишти карап, андан соң «Дастан» ишканасынын жер тилкеси боюнча ишти кароого өтүүнү сунуштады.

Мурдагы мамлекет башчы  Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бүгүн Биринчи май райондук сотунун имаратынын жанына  Кой-Таш окуясынын жылдыгына карата нааразылык акциясына чыгышып, ага 100дөй адам чогулду.

Кийинки сот отуруму 10-августта улантылмай болду.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга кесилген. Ал эми 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда уланууда.

Талкуу учурунда залда отурган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын бири соттун созулуп  жатканына нааразычылыгын билдирди. Төрагалык кылуучу  тартип бузганды залдан чыгарды.

Эске салсак, Кой-Таш окуясы боюнча материалдар дагы эки кылмыш иши менен бириктирилген – жер тилкелери жана ЖЭБге көмүр жеткирүү боюнча.

Сүрөт: Кактус медиа.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты