Кочкор айылында Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды  

Бүгүн, 11-мартта, мамлекеттик жана коомдук ишмер,  Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин Нарын облусунун Кочкор айылында эстелиги ачылды.

Турдакун Усубалиевдин эстелигинин ачылыш аземине Президент Садыр Жапаров катышты жана сөз сүйлөдү.

«Караңгыда көз тапкан, капилетте сөз тапкан» чыгаан адамдар зарыл болуп турган азыркы учурда, Турдакун Усубалиев сындуу ири саясий ишмерлердин көзүнүн жоктугу таасын сезилип турат. Биздин алдыбызда анын өрнөктүү өмүрүн пир тутуп, мол тажрыйбасынан сабак алуу, татыктуу пайдалануу милдети турат” деп белгиледи Президент.  

 Андан соң мамлекет башчы Усубалиевдин баа жеткис эмгектерин айтып өттү:

“Ошону менен бирге Турдакун Усубалиев өлкөнү жетектеп турган маалда Теӊир-Тоонун бермети Соң-Көлдү соолуп калуудан сактоо, башынан кыргыз жергесин кайып аккан Сары-Жаз менен Каркыра дарыяларынын суусун Ысык-Көлгө буруу, Сары-Жаз дарыясына ГЭС каскадын куруу сындуу ири долбоорлор иштелип чыкканын жакшы билебиз”.

Ошондой эле анын адамдык бийик сапаты да белгиленди:

“Турдакун Усубалиевич өмүр бою жакшы адам бойдон калды. Ал баарыбызды суктандырган наркын сактап, сынын бузган жок. Турдакун Усубалиевич – бийлик менен дөөлөттү көтөрө билген, сабырдуу, абийирин таза туткан, эң жөнөкөй инсан эле” деди мамлекет башчы Жапаров.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты