КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны: Бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны болуп, анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында өз ара аракеттенүү жөнүндө пикир алмашуу.

2. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине 2024-жылы төрагалык кылуу жөнүндө

3. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө.

4. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө.

5. Орус тили боюнча Эл аралык уюмду түзүү жөнүндө келишим.

6. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын санариптик технологиялар чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системаларын шайкеш келтирүү боюнча кызматташуу жөнүндө билдирүүсү жөнүндө.

7. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын көп полярдуу дүйнөдө мамлекеттер аралык мамилелердин принциптери боюнча билдирүүсү жөнүндө.

8. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын адамдын жана жарандын дин тутуу эркиндигине болгон укуктарын коргоо боюнча билдирүүсү жөнүндө.

9. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын орус тилин улуттар аралык баарлашуу тили катары колдоо жана өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү жөнүндө.

10. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде Байкоочу статусу жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өнөктөш статусу жөнүндө.

11. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоого) жана терроризмди каржылоого тобокелдиктерди баалоо боюнча Эл аралык борборду түзүү жөнүндө макулдашуу жөнүндө.

12. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө Координациялык кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу жөнүндө.

13. 2024–2028-жылдарга кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын Мамлекеттер аралык программасы жөнүндө.

14. «Тынчтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн» медалы жөнүндө.

15. Самарканд шаарын (Өзбекстан) 2024-жылы Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө.

16. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө:

16.1. 2000-жылдын 21-июнундагы Протокол менен бекитилген Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитети тууралуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протокол тууралуу.

16.2. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

16.3. КМШ Мамлекет башчылар кеңешинин 2003-жылдын 19-сентябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттик каражаттарынын эсебинен каржылануучу Шериктештик органдарынын бирдиктүү бюджетине үлүштүк төгүмдөрдү которуу боюнча милдеттенмелердин КМШга мүчө-мамлекеттер тарабынан аткарылышы боюнча чаралар жөнүндө чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты