ӨКМ: Ысык-Көлгө конгон тик учакты чет элдик инвесторлор ижарага алган
- 2 года мурун
- Видео
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) социалдык тармактарда Ысык-Көлдө конгон тик учак тууралуу түшүндүрмө берди.
“Ушул жылдын 25-июль күнү Airbus-145 тик учагы менен Ысык-Көлдүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган максатта ири инвесторлор ижарага алып учушкан. Учуу убактысы 5 саат 20 мүнөттү түзгөн.
2024-жылдын 17-июль күнү түзүлгөн келишимдин негизинде учуу убактысынын толук ижара акысы төлөнгөн” деп билдирди ӨКМ.
Социалдык тармактарда Ысык-Көлгө тик учак конгону тууралуу видео жарыяланган. Анда «Ысык-Көлдөгү» Paris деп аталган пансионатта, плжга жакын жерде тик учак конуп жатканын көрүүгө болот.
Сүрөт: Видеодон
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




