ӨКМ: Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

  • 11 месяцев мурун

8-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Бул күндөрү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуу сунушталат. ӨКМ кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз түрдө «112» кызматына билдирүүнү эскертет. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты