“Өкмөттүн акселераторлору”: Мамлекеттик кызматкерлер окутулат

  • 1 год мурун

“Өкмөттүн акселераторлору”  деп аталган программанын негизинде тренингдер өткөрүлөт.  Анын негизинде 100 күндүн ичинде реформаларды ишке ашыруу максатында мамлекеттик кызматкерлерди жана кызыкдар тараптарды окутуу боюнча эки күндүк интенсивдүү тренинг 15-мартта башталды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

17-мартта анын ачылышы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Өкмөтүнүн жетекчилигинин катышуусу менен өтөт.

Комитет Президенти Садыр Жапаровдун тескемеси менен 2022-жылы түзүлгөнү белгиленет.
Окутуу атайын механизмге негизделген, ал тармактын көйгөйлүү маселелерин тездетилген режим — 100 күндө чечүүнү билдирет. Бул иш-чара БАЭ өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуусу менен өткөрүлүүдө.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты