ӨКМ: «Тилсиз жоо» күч алууда    

  • 3 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын маалыматы боюнча,  2021-жылдын 10 ай ичинде республика боюнча 2531 өрт кырсыгы катталып (2020-жылы 2120), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 19,4% өскөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди

Өрттүн кесепетинен 31 адам каза тапкан. (2020-жылы 18 адам), 43 адам жабыркаган (2020-жылы 28).

Тилсиз жоодон 26 адам куткарылып, 8 млрд. 389 млн. 727 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1248 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 63,5 % түзгөн.

Өрттүн чыгышына эмне себеп болууда?

Өрттүн негизги себептери төмөнкүлөр:

электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан — 783 (24,5%);

меш жана морду этиятсыз колдонууда – 189 (35,0 %);

отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 320 (2,2%);

балдардын от менен ойноосуунан – 109 (7,0%), өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

Бишкек шаарында – 406 өрт;

Чүй облусунда — 566;

Ош облусунда — 291;

Жалал-Абад облусунда — 314;

Ысык-Көл облусунда — 238;

Нарын облусунда — 93;

Талас облусунда — 101;

Ош шаарында — 65;

Баткен облусунда — 138 өрт катталган.

Өрттүн алдын-алуу эрежелерин сактагыла

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгы өрт коопсуздугун сактоону суранат.

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

• бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

• күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;

• балдарды кароосуз калтырбагыла;

• күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

• электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

• тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты