ӨКМ таштанды жана жалбырак өрттөгөндөргө жергиликтүү бийлик тарабынан айып пул салынарын эскертет

  • 6 месяцев мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ӨКМ) таштанды жана жалбырактарды өрттөгөн жарандарга жергиликтүү бийлик тарабынан айып пул салынарын эскертти.

«Түшкөн жалбырактарды өрттөө – адам өмүрүнө өтө зыяндуу. Жаз, жай айларында көмүр кычкыл газын жана ар кандай заттарды, түтүн-ышты өзүнө сиңирет. Мындай заттарды сиңирип алган жалбырактын түтүнү абаны булгап, экологияга олуттуу таасир тийгизиши мүмкүндүгүн жана анын түтүнү адамдарда рак ооруларын алып келерин дүйнө окумуштуулары айтып келет. Демек, биз жалбырактардын түтүнү аркылуу зыяндуу заттарды дем алып жатабыз.Андыктан жалбырактарды өрттөгөнгө шашпай, топуракка көмүп коюу туура. Жаз алды менен чириндиге айланып, өсүмдүктөргө пайдалуу азык болмок» деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ӨКМ таштанды жана жалбырак өрттөгөн жарандарга жана юридикалык жактарга айып пул салынарын эскертти:

«Ал эми таштанды жана жалбыракты өрттөгөн жарандарга жергиликтүү бийлик тарабынан айып пул салынарын эске салабыз. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин” 115-беренесинин 2-пунктунда, белгиленбеген жерлерге таштанды, турмуш-тиричилик, катуу, өндүрүштүк, өнөр жай калдыктарын, ошондой эле жалбыракт өрттөгөндөргө айып пул салынары жазылган» деп эскертти.

Жалбырактарды таштоо, өрттөө үчүн жеке жактарга – 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга – 23 миң сом айып пул салынат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты