ӨКМ: Түп районунда сел жүрдү
- 1 год мурун
- Видео
Бүгүн, 8-июль күнү, болжол менен саат 13:10до Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай жана Түп айыл аймактарында кыска убакыттын ичинде катуу нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен, сел жүрдү.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Түп айыл аймагына караштуу Шаты айылында кокту-колоттон келген суулар арыкка батпай көпүрөдөн ташып, көчөлөрдү каптаган. Жерине айыл өкмөттөн 2 экскаватор, “Хово”, жүктөгүч тартылып, иш алып барууда.
Балбай айыл аймагына караштуу Күрмөнтү айылында көпүрөгө суу батпай жолду каптаганына байланыштуу жеринде 3 экскаватор жана жүктөгүч тартылган.
Ак-Булун айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү бир үйдүн короо жайын суу каптап, жеринде 2 экскаватор, жүктөгүч иш алып барууда. Азыркы учурда ички чарбалык арыктардын нугу тазаланууда. Түп районунда абал туруктуу. Майда жамгыр себелеп жатат.
Сүрөт: ӨКМ




