ӨКМ: Селдин кесепетинен дайынсыз болгондор изделүүдө
- 2 года мурун
Бүгүн, 15-июль күнү Ош облусунда селдин кесепетинен дайынсыз болгон 4 жаранды издөөгө 350 адам тартылды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Жалпы беш кишини суу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөнү белгиленди.
Кечээ, 14-июль күнү 2018-жылы туулган Н.С аттуу кыздын сөөгү Өзбекстандын Анжиян шаарынын Шахронсой сайынан саат 22:40да сөөгү табылган.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн издөө-куткаруу иши төрт топко бөлүнүү менен башталды. Алсак Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (студенттер шаарчасы) , Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы, Ош шаарынын борбордук базар тарабында уланууда.
Издөө ишине жалпы 350 адам тартылды.
Анын 170и ӨКМдин куткаруучулары. Арасында 2 кинолог, суучул-куткаруучулар. Ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 180 адам көмөктөшүүдө.
Сүрөт: ӨКМ




