ӨКМ: Сел жүргөн аймактар калыбына келтирилүүдө

  • 3 месяца мурун

10-11-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Жалал-Абад облусунун Сузак, Аксы, Токтогул, Чаткал райондорунда жана Майлуу-Суу, Кара-Көл шаарларында сел жүрүп, 5 турак жайлардын короолорун жана ички чарбалык жолдорду сел каптаган.

Аксы районунун Кара-Суу дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Кара-Камыш айыл аймагында дарыянын жээгине чектеш жайгашкан 4 турак үйгө кооптуулук жаралган.

Жериңде район шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тартылып, сел суулары мотопомпанын, ал эми ички чарбалык жолдор техникалардын жардамында тазаланууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымат таратты.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты