ӨКМ кызматкерлеринин маянасы жогорулайт

  • 3 года мурун

2022-жылдын 1-январынан тартып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 50 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтымында, учурда башкармалыктын башчыларынын кызматтык маянасы 12 миң сомду түзөт. Ал эми бөлүмдөрдүн улук офицерлери 8 миң 900 сом, офицерлер 8 миң 600 сом айлык алышат.

«Кийинки жылдан тарта бөлүм башчылар 16 миң 500 сом, бөлүмдөрдүн улук офицерлери менен офицерлери 13 миңден 13 миң 300 сомго чейин айлык алышат”, — деп билдирди Ахматов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты