ӨКМ: Караколдогу ооруканадан өрт чыгып, 60 адам эвакуацияланды

  • 4 месяца мурун

Каракол шаарындагы ооруканадан өрт чыгып, 60 адам эвакуацияланганын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, ооруканадагы өрттү өчүрүүгө саат 6:58 де Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир машина тартылып, 7:40та өчүрүлгөн.

Оорукананын кардиологи бөлүмүндө жаткан 60 адам жана 4 медицина кызматкери эвакуацияланган. «Тилсиз жоодон» жабыркагандар болгон жок. Өрттөн оорукананын 12 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталып жаткандыгы белгиленди.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты