ӨКМ: Каракол-Эңилчек унаа жолу ачылды
- 2 года мурун
Бүгүн, 25-январь күнү Ак-Суу районундагы Каракол – Эңилчек унаа жолунда абал турукташкандыгына байланыштуу жол эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
ӨКМнын маалыматына ылайык, учурда Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда 2 инженердик техника нөөмөттө турат, ал эми жылытуу пункту жарандарды кабыл алууга даяр.
Эске салсак, 23-январда адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында аталган унаа жолу эки тараптуу жабылган.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү




