ӨКМ кар көчкүдөн сак болууну эскертти
- 4 месяца мурун
29-январдан 31-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдары, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарында, Чоң-Ашуу , Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 65-101 чакырымдарында, Чапчыма ашуусу, Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаа ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгы эскертилет.
Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




