ӨКМ: Бишкекте көп кабат үйдөн өрт чыгып, 60тай киши эвакуацияланды
- 3 недели мурун
Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Насирдин Исанов атындагы көчөдө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн бүгүн, 19-январда өрт чыкты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:22де Октябрь районунан 2 күжүрмөн эсеп, автошаты жана штаб тартылды. Учурда өрт өчүрүүчүлөр тарабынан болжол менен 55-60га жакын адам эвакуацияланды.
Бишкек шаарынын Исанов атындагы көчөдөгү көп кабаттуу турак үйдүн экинчи кабатынан чыккан өрт саат 12:27де өчүрүлдү.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү