ӨКМ: Ашууларда кар көчкү түшүүсү ыктымал
- 2 года мурун
30-январдан 1-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу ,Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50,74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна, Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) эскертти.
Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




