ӨКМ: Ашууларда кар көчкү күтүлөт
- 2 года мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 9-ноябрдан 10-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-231-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөрүн эскертти.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин кошумчалады.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




