ӨКМ “Арал” жана “Сосновка” посттору оор жүк ташуучу унааларга ачылганын билдирди
- 4 месяца мурун
Бишкек – Ош унаа жолундагы «Арал» жана «Сосновка» постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 08:30да алынды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Ошондой эле Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 82-чакырымындагы «Алим» оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жайы саат 09:00дөн тартып ачылганы да маалымдалды.
Унаа жолдордо кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу убактылуу жабылган.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү