ӨКМ: Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды  

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 74-чакырым аралыгында кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу бүгүн, 7-март күнү саат 15:00дөн тартып унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, ошондой эле аталган унаа жолдун 85-87 чакырым аралыгына жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымына чейинки аралыктарында кар көчкү түшүү кооптуулугу жаралгандыктан аба ырайы турукташканга чейин чектөө киргизилди.

34-101-чакырымдарында ИИМ кызматкерлери тарабынан атайын посттор уюштурулду.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты