ӨКМ айдоочуларды алыс жолго чыкпай турууга чакырды

  • 2 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларга эскертүү берип, алыс жолго чыкпай турууну сунуштады.

Ведомстводон билдиришкендей, өлкө аймагында 19-20-январь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Тактап айтканда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 92-99-чакырымында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырымында кар көчкү түшүүсү мүмкүн жана жолдор тайгак болуп, муз тоңуусу күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты