Кloop Media 15 жашка  толду

  • 3 года мурун

Ушул күндөрү  Клооп Меdia басылмасынын түптөлгөнүнө 15 жылдын жүзү болду.   Ал — Кыргызстандын медиа айдыңында татыктуу орду бар басылмалардын бири болуп саналат.

«Клооп» медиасынын фемицид тууралуу иликтөөсү дүйнөлүк The Sigma Awards сыйлыгын жеңип алган. Ал сынакка дүйнөнүн 68 мамлекетинен 545 долбоор сунушталып, алардын ичинен 140 долбоор шорт-листке илинген.

Дүйнөлүк сынактын калыстары “Клооптун” иликтөөсүн “Аялдардын өлүмү менен коштолгон Кыргызстандагы эң оор кылмыштардын бирин иликтөөдөгү жана бетин ачуудагы журналистиканын алдыңкы ыкмаларын колдонуу менен өзгөрүүлөргө дем бере турган туруктуу журналистиканын үлгүсү”  деп аташкан.

Клооп медиа ошондой эле дата-журналистика боюнча стипендиялык программанын алгачкы жеңүүчүлөрүнөн болгон.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты