Цементти импорттоого убактылуу чектөө алынып салынды
- 1 год мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон жаңы токтомго ылайык, Кыргыз Республикасына цементти ташып келүүгө коюлган убактылуу чектөө алынып салынды. Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 31- марттагы № 169 токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацы расмий жарыяланган учурдан тартып күчүн жоготту.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.
Аталган чечим курулуш материалдарына өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырууга жана курулуш объектилеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган.
Цементтин импортуна убактылуу тыюунун алынышы рынокто атаандаштыкты колдоого, тартыштыкты алдын алууга жана курулуш материалдарына болгон бааны турукташтырат деп белгиленди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




