Киров суу сактагычына чөгүп кеткен эки баланын сөөгү табылды
- 2 года мурун
24-июнда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Үч-Булак айылында 13 жашар Б.А. жана 12 жашар Б.А. аттуу эки бала «Киров» суу сактагычына түшүп кеткен.
Ал күнү куткаруучулар балдарды таппай коюшкан. 25-июнда таң эрте эки баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.
ӨКМ: “Урматтуу жарандар, балдарыңызды чоңдордун көзөмөлүсүз сууга түшүүгө жибербеңиздер! Суу коопсуздугун сактаңыздар!” деп эскертет.
Сүрөттөр: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү