Кинорежиссёрлор Назгүл Дөөлөткелдиева менен Айзада Амангелди Канн фестивалына катышууда
- 1 год мурун
«Азия чыгармачыл айымдарынын» коомдук фондунун мүчөлөрү, таланттуу кинорежиссёрлор Назгүл Дөөлөткелдиева менен Айзада Амангелди Канндагы эл аралык фестивалга Munich Film Up долбоорунун алкагында “18 жаш” программасы менен катышууда.
Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Долбоор социалдык маанилүү маселелерге аялдардын көз карашын чагылдырат. Ал эл аралык эксперттердин көңүлүн буруп, эми кыргыздын таланттуу кинематографист кыздары да абройлуу эл аралык кино аренада өз өнөрлөрүн көрсөтүүдө.
Канндагы фестивалда алар өз чыгармаларын гана көрсөтпөстөн, кыргыз киносундагы айымдардын ишин илгерилетүү үчүн бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Эл аралык Канн 78-кинофестивалы 13-майдан 24-майга чейин Францияда өтүүдө.
Сүрөт: «Азия чыгармачыл айымдарынын» коомдук фонду




