“Кийиз дүйнө” фондунун негиздөөчүсү, уз, чебер, этнограф Айдай Асангулова дүйнөдөн мезгилсиз кайтты
- 3 недели мурун
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү маданият ишмери, уз, чебер, сүрөтчү-конструктор, дизайнер, изилдөөчү, этнограф, кыргыз улуттук кийимдеринин мыкты адиси, «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Асангулова Айдай Бектемир кызы 48 жаш курагында катуу оорудан улам 2026-жылдын 25-январында жарык дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу “Кийиз дүйнө” коомдук фонду кабарлады.
Айдай Асангулова кыргыздын кол өнөрчүлүгүн кеңири таанытып жана жайылтууда зор эмгек сиңирди. 2010-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кызыл-Туу айылында «Миң кыял» деген ат менен коомдук фондду негиздеген. 2012-2013-жылдары эки жыл катары менен Кызыл-Туу айылында “Кийиз дүйнө” аттуу кол өнөрчүлүк фестивалын уюштуруп, ошондон кийин коомчулукту аларды “Кийиз дүйнө” катары таанып калган.
Айдай Асангулова өзү айтып келгендей, «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун биринчи максаты кыргыз элинин байыркы, салттуу билимдерди жандандыруу, сактоо жана жайылтуу болгон. Ошондой эле бул багытаттагы этнографиялык музей ачууну көздөгөн. 2010-жылдан бери 500 экспонат чогултулган. Анын ичинде көөнөрбөс кийим-кече, үй буюм-тайымдары, уникалдуу, музейлерде жок экспонаттар бар. Буюмдар териден, ичегиден, аттын кылынан ж.б. табигый материалдардан жасалган.
«Кийиз дүйнө» коомдук фонду кол өнөрчүлүк өнөрдү жайылтууга, кыз-келиндерди сайма саюуга, кийиз жасоого үйрөтүп келет.
Айдай Асангулова “Кийиз дүйнө” фонду аркылуу кыргыздын байыркы, көөнөрбөс салтуу маданиятын сактап жана аны өнүктүрүүгө зор салымын кошту.
“Кийиз дүйнө” коомдук фонду маалымдагандай, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты (жаназасы) 27-январь күнү, саат 11:00 болот. Дареги: Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кызыл-Туу айылы, Капчыгай көчөсү, 91-үй.
Сүрөт: «Кийиз дүйнө» коомду фонду




