«Ашар бирикмеси» фондунун директору кайра кармалды
- 2 недели мурун
«Ашар бирикмеси» фондунун директору И.А. кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октярь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда “Ашар бирикмеси” фондунун директору К.А. га чара көрүүнү суранган. Себеби, анын ишенимине кирип, жакын арада турак жай жана жеңил унаа менен камсыз кыларын убадалап, андан жалпы суммасы 650 миң сом акча каражатын алганын билдирген. Бирок ушул күнгө чейин өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай, акча каражатын кайтарып бербей жүргөндүгүн көрсөткөн.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209, алдамчылык беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2000-жылы туулган К.А. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган жаран алдамчылык боюнча шектелип, 3-ирет кармалып жатат. Каныбек Алиакбар уулу президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун атын жамынып, алдамчылык менен акча алып жүргөнү айтылган.
Сүрөт: Октябрь райондук ИИБ




